Быйыл пенсия алуучулардын саны 28,5 миң адамга көбөйдү

 Быйыл пенсия алуучулардын саны 28,5 миң адамга көбөйдү

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл пенсия алуучулардын жалпы саны 28,5 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат кабминдин 4 айдагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде айтылды.

Маалымдалгандай, 2025-жылдын 1-майына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 807 миң 800 адамды түздү.

Белгиленгендей, 2025-жылдын январь-апрель айларында пенсияларды төлөөгө 34,4 млрд сом каражат багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо 5,6 млрд сомго көбөйдү.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 308,3 миң адамды түздү. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен жалпысынан 4,5 млрд сом бөлүндүгү кеңешмеде белгиленди.

Анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна 1,1 млрд, социалдык жөлөкпулга 2,9 млрд, ал эми “балага сүйүнчү” жөлөкпулуна 179 млн сом каражат бөлүнгөн.

Связанный пост