Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда

Кыргызстанда кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул “АФОКО” Азия уюму менен эки тараптуу кызматташуунун негизинде мүмкүн болду. Каражат токой чарбасына, анын ичинде кунарсыз жайыттарды жакшыртууга жумшалат.
Жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу боюнча Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу – “АДАПТ” долбоорун алкагында 75,6 млн сомдук грант каражаты 23 айыл аймактарга 3 млн сомдон берилет.
“Малды туура багуу жана тоюттандыруу мал чарбасында өтө маанилүү ролду ойнойт. Малдын ден-соолугу, өсүшү жана өндүрүмдүүлүгү көбүнчө анын жеген тоютуна жараша болот. Ошондуктан малды сапаттуу тоют менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарыл.
Ал үчүн тоют даярдоодо колдонбой, унутулуп калган ыкмалары сунушталат. Айрыкча малга пайдалуу силос, сенаж сыяктуу витаминге бай, тез сиңген жана азыктуулугу жогору тоюттар”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул иштердин натыйжасында малдын тукуму жакшыртылып, сүт жана эт өндүрүмү артып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот.