Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын БА боюнча соода өкүлү менен жолугушту

 Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын БА боюнча соода өкүлү менен жолугушту

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Борбордук Азия боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-британиялык соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына британиялык инвестицияларды кеңейтүү, ошондой эле энергетика, айыл чарба, транспорт, логистика, билим берүү жана туруктуу туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Төраганын биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын айкын жана ачык экономиканы чыңдоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана чет элдик инвесторлор үчүн кепилдиктерди күчөтүү багытын жактай тургандыгын баса белгиледи. Ал жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана масштабдуу инфратүзүмдүк долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди.

Өз кезегинде Лорд Алдердайс британиялык тараптын Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, аймактагы британиялык бизнестин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз тараптын инвестицияларды тартуу боюнча аракеттерин жогору баалап, эки өлкөнүн мамлекеттик жана ишкер түзүмдөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн айта кетти.

Тараптар Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна чыгуусунун алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык багыттарда биргелешкен ишти активдештирүүнү макулдашты, ошондой эле жакынкы келечекте кыргыз-британиялык бизнес-форумун өткөрүүнү шартташты.

Тараптар ошондой эле ишеним, өз ара пайда жана өнөктөштүк принциптеринде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендигин тастыкташты.

Данияр Амангелдиев Джон Алдердайсты өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост