Кыргызстан жыл башынан бери 143,7 тонна бал экспорттоду

2025-жылдын 4 айында Кыргызстан 143,7 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 45,9 тоннага көп.
2024-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 97,8 тонна бал экспорттолгон. Демек, экспорт 47% жогорулаган.
Башкы экспорт багыттары (2025-жылдын 4 айында):
- Кытай – 82,1 тонна (эн ири импортёр);
- Бириккен Абар Эмираттары – 24,5 тонна;
- Өзбекстан – 15,1 тонна;
- Кувейт – 4,6 тонна;
- Катар – 6,3 тонна;
Анын ичинен балдын көп бөлүгү Кытай менен Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгон. Ал эми импорт азайган:
- 2025-жылы – 0,5 тонна;
- 2024-жылы – 44,8 танна.
Белгиленгендей, бул ички өндүрүштүн жетиштүү болуп калганын жана сапаттуу продукцияга болгон ишенимдин артканын көрсөтөт. Кыргыз бал өндүрүшү жакшы багытта өнүгүп жатат. Демек, кыргыз балына болгон суроо-талап өсүүдө.