Кыргызстанда 100 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда биринчи жана экинчи класска 100 миң 469 бала катталган. Бул тууралуу балдарды мектепке кабыл алуу порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, жалпы 285 560 орун бар. Бүгүнкү күнгө карата 185 091 бош орун калды.
Белгилей кетсек, бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетет: ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттай алышат.
КР Билим берүү жана илим министрлиги бул маалыматтар ачык экенин жана ар бир ата-эне сайтка кирип, статистиканы көрө алаарын белгиледи.
Баланы мектепке кантип киргизүү керек?
Каттоо процесси эки этапта ишке ашат:
1-этап – 2025-жылдын 2-июнуна чейин.
Бул этапта каттоо ата-энелердин катталган дареги боюнча дайындалган мектепте жүргүзүлөт. Өтүнмөнү тапшыруу үчүн төмөнкүлөр керек:
* Tunduk тиркемесин ачып, тизмеден баланы тандаңыз.
* Система сунуштаган мектепти тандаңыз.
* Окутуунун тилин көрсөтүңүз.
* Байланыш маалыматын киргизиңиз (телефон номери, электрондук почта).
* “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.
Маанилүү! Эгерде сунушталган окуу жайлар ылайыктуу болбосо, баш тартууга жана себебин көрсөтүүгө болот. Бул учурда, өтүнмө экинчи этапка өтөт.
2-этап – 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин.
Ата-энелер бош орундар бар мектепти тандай алышат. Бул үчүн, сизге төмөнкүлөр керек:
* Катталуу үчүн баланы тандаңыз.
* Аймакты, районду же шаарды көрсөтүңүз.
* Тизмедегилердин ичинен мектепти тандаңыз.
* Окутуу тилин чечип, “Мектепке катталуу” баскычын басыңыз.
Эске салсак, мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин 110 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.