Жоокерлердин ур-токмокко алынышы боюнча аскердик прокуратура иликтөө иштерин баштады

Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча — ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлерине карата офицер тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кылмыш ишинин козголушуна 11-майда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган зордук-зомбулук фактысы жазылган видеотасма себеп болгон.
Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына тапшырылды. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдардын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилерин ведомстводон белгилешти.
“Тергөө иштерин ар тараптуу жана ыкчам жүргүзүүнүн алкагында жабыркаган аскер кызматкерлери Аскердик прокуратурага жеткирилип, алардын катышуусунда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.