ФИФА президенти Кыргызстанда FIFA ARENA долбоорунун ишке кириши менен куттуктады

ФИФА президенти Жанни Инфантино өз кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди жана Кыргыз футбол биримдигин FIFA Arena кичи аянтчасынын ачылышы менен куттуктады.
“Баарыбыз жакшы көргөн футболду ойноону кыялданган ар бир уул-кыз үйрөнүү, ойноо жана өсүү үчүн коопсуз аймакка ээ болуп жатат”, – деп жазды Инфантино.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстан FIFA ARENA долбоору ишке кирген 11 өлкөнүн бири болуп калды.
Учурда долбоор Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги алдында ишке ашырылууда.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте пилоттук негизде №91 жана №60 орто мектептерге караштуу аймактарга кичи футбол аянтчалары курулду.
Оюн аянтчалары коопсуз, экологиялык жактан таза жана ФИФАнын заманбап техникалык стандарттарына ылайык келет.