5 айга кичи автобустардын Бишкек-Ош унаа жолунда каттоосуна тыюу салынды

5 айга кичи автобустардын Бишкек-Ош унаа жолунда каттоосуна тыюу салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу максатында Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде Төө-Ашуу аркылуу жүргөн Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Талас каттамдарынын айдоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Анда 1-майдан 15-октябрга чейинки мезгилде (климаттык шарттарды эске алуу менен) 16 орундуу кичи автобустардын жүрүүсү боюнча талаптар коюлду.

Ошондой эле айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоосу, лицензиялык жана уруксат берүүчү талаптарга шайкеш иш алып баруусу, транспорт каражаттарынын техникалык абалы, коопсуздук куру, ылдамдыкты чектөөсү, аялдамаларда токтоо сыяктуу жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Связанный пост