Президент саламаттыкты сактоо министрине Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барды.

Борборго барууга учурда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекеменин иш жагдайынын оордугу тууралуу тынчсыздандырган белгилер себеп болду.

Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч кайгылуу учуру катталды.

Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти.

Диагностика так маалыматтарды бербеген бир эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок – жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда. Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат.

Мамлекет башчы өтө катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жол берилгис жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алды.

«Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем», – деп Садыр Жапаров белгилеп, Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялоону тапшырды.

Связанный пост