Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгү токтотулду

Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө башка мамлекеттин жарандары Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдө алдамчылык менен алектенип жаткандыгы аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүргүшүндө ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган “Покер” онлайн-казиносун уюштурган башка өлкөнүн жарандарынын тобу кармалды.

Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системалык блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле мобилдик аппараттардын 23 даана, ноутбук жана планшеттер алынган.

Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост