Курулуш министрлигинде “100 өнөр жай объектиси – 2025” программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды
Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министр Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында “100 өнөр жай объектиси – 2025” программасын ишке ашырууга арналган жыйын өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги темасы программанын алкагындагы долбоорлордун учурдагы абалын талкуулоо болду. Өзгөчө көңүл долбоорлорду ишке ашырууда уюмдар туш болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге бурулду.
Министр Нурдан Орунтаев катышуучуларга мыйзам базасындагы акыркы жаңылоолор тууралуу маалымат берип, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртууга жана курулуш тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган жаңы нормативдик-укуктук актылар күчүнө киргенин билдирди.
Ал ачык-айкын, алдын ала божомолдонгон жана жагымдуу нормативдик чөйрөнү түзүү жеке инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик программаларды ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты экенин баса белгиледи.