Кыргызстан менен Лесото кызматташтыгы талкууланды
“Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун” алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото Падышалыгынын вице-премьер министри Нтоменг Маджара менен жолугушту.
Маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов конокко форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.
Кыргыз тарап Лесотону “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын” ишке ашырууга жана 2027-жылы “Бишкек+25” саммитине кошулууга чакырды.
Экономика, айыл чарба, энергетика жана логистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.