Кыргыз-эстон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

 Кыргыз-эстон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Яап Ора менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана санариптик чөйрөлөрдө кыргыз-эстон мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүү учурунда ТИМдер аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты улантуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясына Эстониянын делегациясынын катышуусу өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө, анын ичинде өнөр жай министрликтери жана ишкер чөйрөлөр аркылуу мамилелерди бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Связанный пост