Нарында оорукананын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

 Нарында оорукананын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт койууга багытталган ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы К.Т.С. пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган К.Т.С. Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну К.У.Т. дан анын атасына жасалган операциясы үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган.

Соттун санкциясына ылайык, кармалган К.Т.С. Нарын шаарындагы №24 ТУКЖ киргизилди.

Связанный пост