АӨБ Кыргызстандын суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатууга $47 млн бөлөт
Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Айыл чарба, тамак-аш, жаратылыш жана айылды өнүктүрүү секторунун башкармалыгынын директору Yasmin Siddiqi жетектеген Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушууга “Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Набиев дагы катышты.
Анын алкагында суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшү жана кошумча каржылоону даярдоо маселеси талкууланды.
Катышуучулар даярдык иштери план боюнча жүрүп жатканын ырасташып, тараптардын макулдашылган ишинин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө 47 млн доллар өлчөмүндөгү кошумча каржылоо Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы тогуз ирригациялык системаны модернизациялоого багытталары айтылды. Бул төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- инфраструктураны жаңыртуу жана анын талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу;
- суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу;
- пландаштыруу үчүн маалыматтарды чогултуу жана талдоо сапатын жогорулатуу.