Кыргызстанга Словакиянын тышкы иштер министри келди

Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Сапардын алкагында ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кыргызстан жана Словакиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.

Связанный пост