Адылбек Касымалиев: Кыргызстан бүгүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана ачык саясаты менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вашингтондо иш сапары менен жүрүп, Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен тегерек столго катышты.

МинКаб башчысы өз сөзүндө бул жолугушуу эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана бекем өнөктөштүк мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү аянтча болуп кызмат кылаарын баса белгиледи. Ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан комплекстүү реформалардын, санариптик технологияларды киргизүүнүн жана мамлекеттик каржыны башкарууда ачык-айкындуулукту камсыздоонун аркасында туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканына көңүл бурду.

Адылбек Касымалиев өлкөгө оң кредиттик рейтингдин ыйгарылганын өзгөчө белгиледи, бул анын финансылык туруктуулугун жана инвестиция үчүн жагымдуулугун көрсөтөт.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле катышуучуларга аймактын экономикалык интеграциясына багытталган жана олуттуу инвестициялык кызыкчылыкка ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле өкмөттүн бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу боюнча аракеттерин, ошондой эле өлкөнүн стратегиялык жактан пайдалуу географиялык жайгашуусу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

Кыргыз-америкалык ишкер мамилелердин мындан ары да бекемделээрине ишенимин билдирип, америкалык инвесторлорду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга чакырды.

“АКШдан келген тике чет элдик инвестиция биздин экономиканын өнүгүшү үчүн олуттуу стимул болуп саналат. Биз эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев кошумчалагандай, Кыргызстан инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде либералдык салык мыйзамдарын жана жалпысынан 500 миллиондон ашык калкы бар кеңири рынокко чыгууну сунуштайт. Мамлекет жеке менчикти коргоого кепилдик берет жана эркин экономикалык аймактарда салыктык жана жөнгө салуучу преференцияларды берет.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана келечектердин өлкөсү, динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана ачык саясаты. Биз инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана зарыл болгон мамлекеттик жардамды көрсөтүүгө даярбыз”, – деп баса белгиледи ал.

Сөзүнүн жүрүшүндө МинКаб башчысы америкалык инвесторлорду өзгөчө кызыктырган негизги багыттарды белгиледи. Алардын арасында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Чыгыш, Борбордук жана Түштүк Азияны бириктирүүгө багытталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу кирет.

Дагы бир келечектүү багыт – бул энергетика тармагы, өзгөчө Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу, ал аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жардам берет. Бул долбоор Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы сессияларында да талкууланган.

“Кен казып алуу жана кайра иштетүү дагы приоритеттүү тармак болуп саналат. Кыргызстан маанилүү ресурстарды чалгындоо жана кайра иштетүүдө ишенимдүү жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү өнөктөштүктү сунуштоого даяр. Муну менен катар биз көптөгөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режимди, уникалдуу маданий мурастарды жана жыл сайын миллиондогон туристтерди өзүнө тартып турган жаратылыштын кооз жерлерин эске алганда, туризм тармагын өнүктүрүүдө олуттуу потенциалды көрүп жатабыз”, — деди Касымалиев.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жолугушуунун катышуучуларына кызыгуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана Американын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуунун келечеги менен жеке таанышуу үчүн келүүгө чакырды.

Связанный пост