Жыл башынан бери Кыргызстандан 17 тонна картошка экспорттолду

 Жыл башынан бери Кыргызстандан 17 тонна картошка экспорттолду

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 23-апрелине чейинки мезгил аралыгында 17 017,5 тонна картошка экспорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • азык-түлүк картошкасы — 16 894,5 тонна;
  • үрөн картошкасы — 123 тонна.

Картошка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларуска экспорттолду.

Ошондой эле бул аралыкта 11 миң 752,8 тонна картошка импорттолгон. Анын ичинен:

  • азык-түлүк картошкасы — 10 019,7 тонна;
  • үрөн картошкасы — 1 733,1 тонна.

Кыргызстанга картошка Кытай, Монголия, Пакистан, Нидерланды, Германиядан импорттолгон.

Связанный пост