Быйыл өлкө боюнча миң чакырым жол салуу планы коюлган

Унаа жолдорунун коомдун жашоосунда орду чоң. Ал тургай аны мамлекеттин эл аралык коомчулуктагы жүзү десек да болот. Ал социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн, аймактар аралык жана эл аралык байланыштардын олуттуу фактору болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү унаа жолдорунун жалпы узундугу 34 000 чакырымды түзѳт. Анын ичинен министрлик дээрлик 19 миң чакырым жолду тейлесе, 15 190 чакырым жол шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка мекемелердин карамагында.
– Эл аралык маанидеги унаа жолдору – 4 306 чакырым;
– Мамлекеттик маанидеги унаа жолдору – 5 839 чакырым;
– Жергиликтүү маанидеги унаа жолдору – 8 816 чакырымды түзѳт.
Мамлекеттин жалпы колдонуудагы унаа жолдорун өнүктүрүү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин колунда. Ал эми жалпы пайдалануудагы унаа жолдорду оңдоп-түзөө жана көзөмөлдөө иштерин 57 жол тейлөө ишканалары (ДЭП) жүргүзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбековдун айтымында былтыр, 2024-жылы министрлик жылдын аягына чейин 802,7 чакырым жолго асфальт төшөгөн.
Анын ичинен облустар боюнча төмөндөгүдөй:
- Чүй облусунда – 75,5 чакырым;
- Нарын облусунда – 128,3 чакырым;
- Талас облусунда – 26,9 чакырым;
- Ысык-Көл облусунда – 168,5 чакырым;
- Ош облусунда – 202,3 чакырым;
- Жалал-Абад облусунда – 154,8 чакырым;
- Баткен облусунда – 46,7 чакырым жолдорго асфальт басылган.
Андан сырткары 139 928 чарчы метр жолдун жыртык-тешиктери бүтөлгөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков быйылкы жылы жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берип жатып, “2025-жылы 1056 чакырым жерге асфальт төшөлөрү пландалууда. Бирок бул көрсөткүч айрым бир факторлордон көз каранды болгондугу үчүн өзгөрүшү мүмкүн. 131 чакырым жер иштери жүргүзүлүп, 66-80 чакырым жерге гравий төшөлүп, 7 даана көпүрө оңдоо-түзөө иштеринен өтөт, тротуарлар салынат. 134 960 чарчы метр жолдун жыртык-тешигин бүтөө иштери да пландалган”, – дейт.
Ошондой эле быйыл титулдук тизме боюнча Чүй облусунда – 41 чакырым, Нарын облусунда – 29 чакырым, Талас облусунда – 25 чакырым, Ысык-Көлдө – 38 чакырым, Ош облусунда – 35 чакырым, Жалал-Абад облусунда – 36 чакырым жана Баткен облусунда – 23 чакырым жол салынып, жалпысынан алганда 227,5 чакырым жол бүтөрүн билдирди. Андан сырткары мамлекеттик капиталдык салымдын эсебинен аймактар боюнча ар бир облустарда 589 чакырым жолдордун салынышы пландалууда.
“Башкача айтканда эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги 19 миң чакырым жолдун 1000ден ашык чакырымына жолдор салынса өлкө боюнча жолдордун 7-10%ы бүтүп, оңдоо-түзөө иштеринен өткөрүлгөн болот. Өлкөдөгү реформалардын негизиндеги жол курулушунун өсүү динамикасы боюнча айта турган болсок, былтыркы жылга салыштырмалуу темпи 25%ды түзгөн. Жыйынтыктап айта турган болсом, биз үчүн биринчи кезекте жолдордун салынышынын сапаты турат. Миңби же беш жүз чакырымбы, канча чакырым жол салынса дагы биз үчүн анын сапаттуу салынганы маанилүү”, – деп кошумчалады ал.
Булак “Кабар” агенттиги