Эсепке алынбаган товарларды ташып кирүүгө каршы күрөштүн натыйжасында бюджетке түшүүлөрдүн суммасы 1 млрд сомдон ашык көбөйдү

Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн алкагында эсепке алынбаган товарды ташып кирүүгө каршы активдүү күрөштүн жана башкарууну күчөтүүнүн аркасында үч айдын ичинде өлкө бюджетине түшүүлөр 1 млрд сомдон ашык көбөйдү.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктуна барган учурда билдирди.
“Эсепке алынбаган товарды ташып кирүүгө каршы күрөшүү — бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган артыкчылыктуу милдет жана УКМКнын төрагасынын жеке көзөмөлүндө турат. Ар бир кызматкер ак ниеттүүлүк менен жан аябастан иштеп, товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга тийиш”, — деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Иш сапардын алкагында Салык кызматынын башчысы эсепке алуу пунктунун техникалык жабдылышы, жүктөрдү алып өтүү режими жана “Жыйынды пост” автоматташтырылган системасынын иштөөсү менен таанышты. Кызматкерлердин эмгек шарттарына жана контролдоочу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын төрагасы бардык ташып келинүүчү товарларды мыйзам чегинде так жана ачык эсепке алууну камсыз кылууну, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууну, башка ыйгарым укуктуу органдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов бир катар аймактык салык органдарына барып, алардын ишинин уюштурулушу, кызматкерлердин эмгек шарттары жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча учурдагы кырдаалга, санариптик долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө, “Бирдиктүү терезе” системасынын иштешине, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү тейлөө деңгээлине өзгөчө көңүл бурду.