Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовго Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары тартууланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго бүгүн, 23-апрелде, Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кыргыздын улуттук ат оюндары – «Жорго салыш» жана «Көк бөрү»тартууланды.

Ипподромдун кире беришинде кадырлуу конокторду төкмө акындар тосуп алышты. Андан соң делегация «Кыргыз айылы» этнокомплекси менен таанышып чыкты, мында кыргыз элинин салттуу жашоосунун элементтери – боз үйлөр, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана кийимдер көрсөтүлдү.

Ошондой эле ипподромдо «Жорго салыш» жана «Көк бөрү» мелдештери өткөрүлдү. Меймандарга «Салбуурун» салттуу мергенчилик өнөрүнүн алкагында алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылыктын элементтери тааныштырылды.

Маданий программанын соңунда Президент Садыр Жапаров Ардактуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна узатты.

Связанный пост