Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында эркин соода аймактары түзүлөт

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада соода жана өнөр жай багытындагы эркин аймактарды түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу кечээ Анжиян облусунда өткөн жыйында президент Шавкат Мирзиёев билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Мирзиёевдин айтымында, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга болжол менен 200 млн долларлык товар экспорттолот. Бул агымды мындан ары да кеңейтүү максатында Өзбекстан чек арага жакын аймактарда – Коргон-Төбө же Кожа-Абад райондорунун биринде эркин соода жана өнөр жай зоналарын түзүүнү сунуштоодо.
Мамлекет башчысы бул демилге ишкерлер менен кеңешүү аркылуу ишке ашарын белгилеп, тиешелүү аймакты тандап алуу жана долбоордун мастер-планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле ал бул зона Афганистан менен чек арада түзүлгөн эркин аймактардын үлгүсүндө уюштурулушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Президент ошондой эле Кожа-Абаддагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абалга токтолду. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар менен жүк ташуучулар узун тыгындардан улам нааразы болууда. Ушуга байланыштуу Мирзиёев тиешелүү органдарга бул маселени ыкчам иликтеп, чечүү жолдорун сунуштоону тапшырды.
Байкоочулардын баамында, бул долбоор эки өлкөнүн соода алакаларын дагы бир деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болот.
Булак “Кабар” агенттиги