Май айынан баштап Алматы – Ош жаңы аба каттамы ачылат

 Май айынан баштап Алматы – Ош жаңы аба каттамы ачылат

28-майдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын түштүк борборлорун байланыштырган аба каттамсы ачылат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, каттамдарды Air Astana авиакомпаниясы жумасына 4 жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат.

“Аба каттамы заманбап Airbus учактары менен аткарылат, 132 орун эконом-класста, 16 орун бизнес-класста”, – дейт Air Astana авиакомпаниясынын Кыргызстан боюнча аймактык менеджери Алибек Берикбосынов.

Связанный пост