Өлкөдө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар

 Өлкөдө 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар
Бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинен:
трактор –  22 341 даана;
соко – 11 544 даана;
үрөн сепкич – 3 356;
малалар – 14 635 даана;
жер семирткич чачкыч – 811 даана;
арык казгыч – 1389 даана;
жер тегиздегич –  2006 даана;
трактор чиркегич – 9088 даана ж.б
Белгилей кетсек, республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, учурда сезондук жумуштарды аткарууда. Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 90% түздү.
Өлкө боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 341 трактордун ичинен 19 741 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 88%, соколордун 90%, үрөн сепкичтердин 90%, малалардын 92%, жер семирткич чачкычтардын 91%, арык казгычтардын 90%, жер тегиздегичтердин 93%, трактор чиркегичтеринин 89% катышууда. Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.

Связанный пост