Бишкек – Ош унаа жолуна узундугу 750 метр туннель куруу пландалууда
Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында Япониялык компания менен келишимге кол койду.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Абсаттар Сыргабаев, орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана башка расмий меймандар катышты.
Долбоордун алкагында Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымына узундугу 750 метр болгон тоннелди курууга Япониянын Takenaka Civil Engineering компаниясы менен контракттык келишимге кол коюлду.
Ведомство жетекчиси Сыргабаев өз сөзүндө Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA агенттигине терең ыраазычылык билдирди.
Тараптар долбоорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин 2025-жылдын июнь айында баштоо пландалууда.