Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандан 96 миң тоннадан ашуун айыл чарба продукциясы экспорттолду

 Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандан 96 миң тоннадан ашуун айыл чарба продукциясы экспорттолду
2025-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынан жалпы салмагы 96 043,6 тонна, саны 18 199 493 даана жана көлөмү 1 389 м³ болгон айыл чарба продукциясы экспорттолду. Анын ичинен:
Көчөттөр – жалпы 5,7 миллион даана, анын ичинен:
гүл көчөттөрү – 4,9 млн даана,
мөмөлүү көчөттөр – 697 миң даана,
декоративдүү көчөттөр – 78 миң даана.
Жашылчалар (картошканы кошпогондо) – 24,9 миң тонна, анын ичинен:
капуста – 13,7 миң тонна,
сабиз – 3,4 миң тонна,
пияз – 1 миң тонна,
сарымсак – 141,4 тонна.
Картошка – 15,3 миң тонна.
Төө буурчак – 12,4 миң тонна.
Жаңгактар – 8,7 миң тонна.
Жемиштер – 13,6 миң тонна.
Кургатылган жемиштер – 6,9 миң тонна.
Кургатылган жашылчалар – 34,3 тонна.
Бул продукциялар толугу менен карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлдү.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык кызматкерлери жүктөрдү текшерип, керектүү учурда лабораториялык үлгүлөрдү алышты.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында продукцияда карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган жок. Фитосанитардык талаптарга жооп берген продукцияга 8604 фитосанитардык сертификат берилди.
Эскерте кетсек, фитосанитардык сертификат – продукциянын фитосанитардык  коопсуздугун жана эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктаган негизги документ болуп саналат.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти айыл чарба продукциясынын фитосанитардык коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшүүнү улантат.

Связанный пост