30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы мечиттерде окулат

 30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы мечиттерде окулат

Кыргызстанда 30-мартта Орозо айт майрамы белгиленет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашкандай, бул күнү Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.

Айт намаздын программасы:

Мечиттерге чогулуу саат 06:15те башталып, 07:30га чейин баяндар айтылат. Саат 07:30да Орозо айт намазы окулат.

Связанный пост