“Кемин” жана “Сосновка” пункттарында ички посттор жоюлду

 “Кемин” жана “Сосновка” пункттарында ички посттор жоюлду

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 26-мартынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу салык органдарынын “Кемин”, “Сосновка” (Чүй облусу) жана “Кара-Көлдөгү” (Жалал-Абад облусу) габариттик-контролдоо пункттарындагы ички посттору жоюлгандыгын билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, мындан ары аталган посттордо Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан товарлардын коштоочу документтери текшерилбейт, бул көзөмөл посттору жоюлду.

“Бул чечим республиканын ичинде жүк ташыган автомобилдик ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле алардын кыймыл убактысын кыскартууга багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост