Былтыр кошумча бала бакчаларга дээрлик 26 миң бара баштаган

 Былтыр кошумча бала бакчаларга дээрлик 26 миң бара баштаган

2024-жылы уктоочу бөлмөлөрдү өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында бала бакчаларга кошумча 25645 бала бара баштаган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматта уктоочу бөлмөлөрү өзгөртүлүп түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны – 537, кошумча ачылган тайпалардын саны – 985, иш менен камсыз болгон адамдардын саны – 2131 болгону айтылат.

2024-жылы Кыргызстанда бала бакчага барган балдардын саны жалпы балдардын 44,3 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч бир жыл ичинде 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өскөнүн министрлик билдирген.

Төмөндө аймактар боюнча маалыматтар графика түрүндө берилди:

Связанный пост