Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт
Кыргызстан өзүнүн акчасын өзү чыгара баштайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусунун жүрүшүндө белгилүү болду, – деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
Анын маалыматына караганда, акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчысына атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди.