Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Бул жаз майрамы ар бир түтүн булаткан түндүккө кубаныч жана молчулук алып келип, элдерибиздин достугун жана биримдигин бекемдесин. Жалпы баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделген Нооруз өлкөлөрүбүзгө бакубатчылык, биримдик жана гүлдөп-өсүү алып келсин”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк жакшылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост