Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды.
Мамлекет башчысы Башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
“Сиз Башкы катчынын кызматына эл аралык мамилелер чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан оңой эмес мезгилде кирип жатасыз. Ошондуктан Шанхай кызматташтык уюмунун дүйнөлүк саясаттагы ролу жана мааниси тынымсыз өсүп, ири регионалдык державалардын ортосундагы диалог үчүн уникалдуу платформа болуп саналат”, – деди Садыр Жапаров.
Ал Кыргызстан өзүнүн ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири – үстүбүздөгү жылдын күзүндө өлкөгө өтө турган ШКУга төрагалык кылуу болмокчу. ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи. Бул контекстте натыйжалуу финансылык механизмдерди, атап айтканда ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү маанилүү.
Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимине кол коюлушу менен куттуктады. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин бардыгы бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алганын айтып өттү.
Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун ишине активдүү катышуусун баса белгилеп, Нурлан Ермекбаев Садыр Жапаровдун демилгесинин аркасында ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү менен кызматташуу боюнча Жол картасы иштелип чыкканын айта кетти.
Мындан тышкары, Кыргызстан Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча сунуш киргизди.
Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана буга чейин жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө ишке ашырууга даярдыгын билдирди.