Депозиттерди коргоо агенттигинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Депозиттерди коргоо агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-2023-жылдарга карата агенттикте бюджеттин аткарылышына пилоттук финансылык аудит жүргүзүлгөн. Анда ички контролдоо тутумунун ишмердүүлүгү, мыйзамдык ченемдердин сакталышы жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча бир катар жагдайлар аныкталды.
2023-жылдын 31-майынан сентябрь айына чейин агенттиктин кызматкерлерине күз-кыш мезгилине азык-түлүк даярдоо үчүн жалпы 500 миң сом суммада материалдык жардам берилген (ар бир кызматкерге 25,0 миң сомдон). Бирок 2021-жылдын 7-майында бекитилген жамааттык келишимге ылайык, кызматкерлерге жылына бир жолу 15 миң сом өлчөмүндө гана жардам көрсөтүлүшү керек болчу. Натыйжада ашыкча төлөмдүн суммасы 200 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле 2021-2022-жылдары агенттик өз кызматкерлерин ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзгөндүгү аныкталды. Алсак, 2021-жылы “АЮ ГАРАНТ” компаниясы менен 150 миң сомго (ар бир кызматкерге 7,5 миң сомдон), 2022-жылы “НСК” компаниясы менен 210 миң сомго (ар бир кызматкерге 10 миң сомдон) келишим түзгөн. Эмгек кодексине ылайык, иш берүүчү кызматкерлерди кесиптик оорудан жана өндүрүштүк кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну гана камсыздоого тийиш. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча чыгымдар агенттиктин каражаттарын рационалдуу эмес пайдаланылышына алып келген.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасы мамлекеттик сатып алууларда дагы мыйзам бузууларды аныктады. 130 миң сом автомашиналарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, 150 миң сом депозиттерди коргоо системасы тууралуу видео жана аудиороликтерди даярдоого коротулган. Бул кызматтарды сатып алуу учурунда рыноктук бааларга мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Бул агенттиктин бюджетине кошумча каржылык жүктөм жараткан.
Эсептөө палатасы белгилегендей, аудиттин жыйынтыгында агенттиктин ички контролдоо механизмдерин күчөтүү, мыйзам талаптарын так сактоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар сунуштар берилди. Булар агенттиктин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана финансылык тартипти бекемдөөгө багытталган.
Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлөрү айтылды.