Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 13,6 млн доллар бөлөт

 Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 13,6 млн доллар бөлөт

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Камбар-Ата-1 ГЭС долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана макулдашуу катын (гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 27-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууларда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна техникалык колдоо көрсөтүү каралган. “Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору үчүн техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун негизги милдети энергетикалык коопсуздукту, энергия системасынын ишенимдүү туруктуу иштешин камсыз кылуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Кыргызстандын генерациялоочу кубаттуулуктарын көбөйтүү болуп саналат.

Бөлүнүүчү каражаттын жалпы суммасы 13,6 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 11,0 млн АКШ доллары – ЭӨА кредити жана 2,6 млн АКШ доллары – гранттык каражаттар. Көрсөтүлгөн каражаттар төмөнкүдөй шарттарда бөлүнөт:

– берүү мөөнөтү – 50 жыл;
– жеңилдетилген мезгил – кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган күндөн тартып 10 жыл;
– пайыздык ставка – 0 %;
– каражаттарды резервдөө үчүн комиссия – 0,5 % (комиссиянын өлчөмү жыл сайын ЭӨАнын Директорлор кеңеши тарабынан белгиленет. Эгерде резервдөө комиссиясынын ставкаларын бекитүү боюнча донордун жылдык ички жол-жобосуна ылайык кредиттик каражаттарды резервдөө үчүн пайыздар ЭӨА тарабынан тиешелүү жылы Кыргызстандан алынбаса, “Электр станциялар” ачык акционердик коому кредиттик каражаттарды резервдөө үчүн пайыздарды чегерүүдөн жана төлөөдөн бошотулат).

Связанный пост