Сүйүнбек Касмамбетов: Миллиондогон каражатты заматта топтоо – кыргыз элинин ынтымагынын тирүү мисалы

 Сүйүнбек Касмамбетов: Миллиондогон каражатты заматта топтоо – кыргыз элинин ынтымагынын тирүү мисалы

Кечээ эле Хамза аттуу наристебизге, ага чейин Аруузат деген кызыбызга бүтүндөй караламан эл бир билекке биригип, миллиондогон каражатты заматта топтоп бере салды. Түшүнгөнгө бул жөн гана жардам эмес, бул – кыргыз элинин ынтымагынын, биримдигинин, эртеңки келечегинин тирүү мисалы. Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган балдарга каражат чогултууга карата мындай пикирин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өздүк фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, каныбызда айкөлдүк, намыскөйлүк, боорукердик, адилеттүүлүк касиеттерибиз турганда, улуттук демибиз менен дымагыбыз, уңгужолубуз эч качан кемибейт.

“Биримдик күчү тоо бузат! Кагылайын кыргыз элим башынан не деген гана заманды, жөө тумандай каптаган жан кейиткен апаатты, биринин сөөгүн бири зыйнаттап көмө албай калган карангүн түшкөн азапты далай тартышкан. Андан өтсө, жарма таарынычтын айынан жөнтөгү менен тентеги бир акылга келе албай баш-аягы аралашып, ал турсун иттеринин куйруктарына калдыркан байлап, кыргый кабак салып, бир дөбөдө биригип олтурушпай, ат тезегиндей бириндеп, кокту-колотко бөлүнүп, жумурткадан кыр, көңүлдөн кир издешип, чырпык сындырып, куйрук кесип, касам ичип, ант ичип, элдешкис душманга айландык дегендер да элди кырсык басып, жоо чапканда, өткөн менен кеткендин баары суу менен жуулуп кеткендей тазарып, кайра берерге малын, сунарга нанын, жаярга тасмалын, тартууга жанын таппай келишкен эмес беле. Наркымдан, ата-бабамдын салтынан, уңгу жолумдан айланайын”, – деди Мамлекеттик катчы.

Ал ошондой эле бул жүрүмдөр бүгүнкү күндө да кайталанып келе жатканын айтып, COVID-19 оорусу, чек арадан жаңжаал чыкканда да эл өзүнөн өзү биригип, баары бир адамдай, бир жумуру муштумга түйүлгөндүгүн эскертти.

Связанный пост