Кытайда Кыргызстандын жаңы Көзөмөл кампасы ачылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Улугчат шаарында Кыргыз Республикасынын Көзөмөл кампасынын ачылыш аземине катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен логистиканы жакшыртуу, экономиканы чыңдоо жана айыл чарба продукцияларын ыңгайлуу жана үзгүлтүксүз алмашууну камсыз кылуу боюнча ишинин бир маанилүү бөлүгү экенин айтып, жогорку стандарттарга жооп берген заманбап жабдуулар менен жабдылган бул жаңы Көзөмөл кампа чек арадан дан-эгин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн ишенимдүү өтүшүн камсыз кылаарын билдирди.
“Бүгүн биз маанилүү окуяга — “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктарында жаңы Көзөмөл кампасынын ачылышына күбө болуп отурабыз. Бул кампанын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болуп өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууну ишке ашыруу болуп саналат. Бул көзөмөл кампасы биздин өлкө башчыларыбыз тарабынан коюлган 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү максатына жетүүгө салым кошот”, — деди Бакыт Төрөбаев.
Салтанаттуу иш-чарага катышкан КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Не Цзан, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна импорттоону колдоо боюнча берген тапшырмасына ылайык, айыл чарба продукцияларын импортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын экспорттоого багытталган бул Көзөмөл кампасы Кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы тарабынан курулду. Көзөмөл кампа жөн гана инфраструктуранын бир гана имараты болбостон, стратегиялык объект жана логистикалык процесстердин коопсуздук талаптарына жооп беришин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Көзөмөл кампа жашылчалар, тоңдуруу, лаборатория, жалпы жүк болуп төрт аймакка бөлүнөт. Кампа жылына 1 млн тоннадан ашуун продукцияны кабыл алуу дараметине ээ. Келечекте кампанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү — дан-эгин жана буурчак өсүмдүктөрүн гана эмес, Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин башка товарларынын да туруктуу агымын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берилери күтүлүүдө.
Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорту 2024-жылы дээрлик 124 млн долларды түздү. Анын ичинен 8,6% — мал чарба продукциясы, 19,4% — өсүмдүк чарба продукциясы, 72% — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы. 2024-жылы жалпысынан 4521,50 тонна өсүмдүк чарба продукциясы экспорттолду.