Бакыт Төрөбаев Европа Биримдигинин жарандык авиациянын коопсуздугу боюнча өкүлү Андрей Филипо менен жолугушту

Президенттин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин өкүлү Андрей Карнелиу Филиппо менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, бул жааттагы реформалар, ошондой эле Кыргыз Республикасын Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен (кара тизмеден) чыгаруу маселеси боюнча Европа Биримдиги менен мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында кыска мөөнөттүн ичинде жарандык авиация тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Натыйжада тармакты каржылоо кыйла кеңейип, кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, эл аралык нормаларга ылайык эл аралык стандартты сактоого багытталган ири мыйзамдык демилге ишке ашырылганын белгиледи.

Жолугушууда өзгөчө көңүл “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын келечегине бурулду. Европа Биримдигинин өкүлү жетишилген прогрессти жогору баалап, Кыргыз Республикасында жарандык авиациянын коопсуздугунун стандарттарын жакшыртууга багытталган конструктивдүү диалог жана кызматташуу процессин баштады.

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Европа Биримдигинин өкүлүнө иш сапары жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, жарандык авиация тармагында өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост