Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

 Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, түшүндүрүү иштери Ош облусунан башталып, учурда Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында уланууда.

Белгиленгендей, аталган иш-чарага Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, министрликке караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментин жана Кыргызстан улуттук электр тармагынын кызматкерлери катышууда.

Жолугушууда энергетика тармагынын кызматкерлери чогулган элге министрлер кабинетинин жаңы токтомуна долбооруна киргизилип жаткан сунуштар тууралуу презентация жасашууда.

Анда төмөнкү маселелер баяндалып жатат:

– Жалпы тармактагы электр энергиясынын балансы;

– Энергосекторунун жалпы чыгымдары;

– Энергетикалык тармактын көйгөйлөрү;

– Энергокомпанияларды республикалык бюджет аркылуу субсидиялоосу;

– Башка өлкөлөрдөгү калк үчүн тарифтер;

– Керектөөчүлөрдүн жаңы топтору.

Жолугушуунун алкагында керектөөчүлөрдүн электр энергиянын балансы, энергетикалык тармактагы көйгөйлөр, анын ичинде акылдуу эсептегичтерди алмаштыруунун шарттары боюнча суроолоруна жооптор берилүүдө.

Эске салсак, аталган иш-чаралар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, бардык облустардын аймактарында 2025-жылдын 20-мартына чейин улантылат.

Связанный пост