Жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 188 техника берилди

 Жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 188 техника берилди

Мамлекеттин колдоосу менен ишке ашып жаткан лизинг долбоору аркылуу бүгүнкү күнгө карата республика боюнча дыйкандарга 886,1 млн сомго 188 техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай , аталган долбоор ишке кирген күндөн тартып жалпы өлкө боюнча 7073 даана техника берилди. Ал үчүн 18,38 млрд сом жумшалды.

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары банктар аркылуу женилдетилген шартта жылдык үстөгү пайызы 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилүүдө.

Белгилей кетсек, соңку жылдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар жигердүү аткарылып жатат. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен КР министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат.

Связанный пост