Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүү пландалууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту.
Сүйлөшүүдө тараптар үстүбүздөгү жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча 20дан ашуун документтерге кол коюлуп, маанилүү макулдашуулар жетишилгенин өзгөчө белгилешти. Мындан ары жетишилген эки тараптуу документтерди алдыга жылдыруу менен дагы жаңы ишке ашырыла турган маселелер боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Маселен, 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүү максатын койгон эки мамлекеттин жетекчилеринин тапшырмасын ишке ашырууну активдештирүүнү талкуулашты.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун жана “Барскоон-Бедел-Учтурфан-Аксу” унаа жолун куруу маселерин ыкчамдатуу каралды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кытай тарап кыргыз тарапка 41 млн 408 миң доллар грант берээри белгилүү болуп, бул сумманы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун курууга жумшоо сунушу айтылган.
Ошондой эле, “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу жана модернизациялоо эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берээри айтылды.
Анда, МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда натыйжалуу иштер жүргүзүлүп анын аркасынан олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын айтты. Маселен ички дүң өндүрүмдүн өсүү темпи акыркы 3 жылда 9%ды түзгөнүн, мамлекеттик бюджет 3 эсе өскөнүн, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери жүрүп, мамлекеттик чек ара маселелери ийгиликтүү чечилип жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй акыркы жылдар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу тарыхындагы эң жакшы мезгили болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы мамлекеттик чек арага чекит койгонун кубануу менен кабыл алганын айтып, эми мындан ары Кытай Кыргызстанга инвестициянын көлөмүн дагы жогорулатаарын билдирип, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды кытай тарап ишке ашырууга дайым кызыкдар экенин белгиледи.
Мындан тышкары тараптар “Үрүмчү – Ош” жана “Кашгар – Ош” жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүүнү карашты, алар кошумча авиакаттамдардын ачылышы соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөрүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй буга чейин жетишилген келишимдерди кыска убакыттын ичинде ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен СУАРдын ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндөгү жумушчу механизмин түзүү зарылдыгын белгилешти.