Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаровдун Аталар күнүнө карата куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады.
Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Ардактуу аталар!
Сиздерди өлкөбүздө алгач ирет белгиленип жаткан Аталардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын.
Үй-бүлө институтун чыңдоодо атанын жоопкерчилиги жогорулаган бүгүнкү заманда Аталар күнүнүн белгилениши – учурдун талабы эле. Эң алды коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгымды билдирем.
Эзелтен эле элибизде атаны аскар тоого теңеп, даңктап-даңазалап келишкен. Тарбия башаты болгон эне кут төгүлгөн үй болсо, атаны ошол үйдүн түркүгү, тирөөчү, калканычы жана коргоочусу экенин таасын белгилешкен. Мына ошол сый-урмат бара-бара адат-салтка, нарк-насилге айланып, элибизде ата менен эненин орду бийик белгиленип келет. Калкыбызда Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш, журт атасы деген ыйык жана бийик сөздөр, “Атанын назарын сындырба”, “Атага наалат айттырба”, “Ата сыйлаган абийир табат”, “Атанын сөзү ок…” деген накыл кептер бекеринен айтылып калбаган чыгар. Ал эми көп элдерде кездешпеген, кыргыз элине гана мүнөздүү “жети ата” түшүнүгү өзүнчө бир философия экенин эч ким тана албас.
Табиятта өмүр деген улуу дарыянын башаты атадан башталгандыктан, атага үй-бүлөнүн алдында коргоочу кудурет-күч, бардык сыноолорду жеңип чыгууга майышпас мүнөз, жаратман дем берилген. Биз аталардын коомдогу мына ушундай ролун кеңири жайылтуу менен ата болуу бактысына ээ жаш муун өкүлдөрүнүн үй-бүлө куруудагы зор жоопкерчилигин арттырабыз.
Ошону менен бирге, аска-зоодой тиреги, үй-бүлөнүн коргоочусу болгон аталарга балдарынын дагы сый-урматы артып, атанын ар бир айткан сөзүн таберик кылып көңүлүнө түйөт. Зээндүү уул-кыздарыбыз “Атанын сөзү – акылдын көзү”, “Атанын батасы – алыскы сапардын жарыгы!” деп, аталар насаатын, алардын терең сырларын аңдап-түшүнүп, бул турмушта көптөгөн ийгиликтерге жетишет.
Билгенге ата болуудан оор озуйпа жок. “Ата” деген сөздү угуунун өзү эле эмне деген сыймык жана эмне деген сыноо! Мына ушул улуу сөзгө татыктуу болуп жашоо – ар бир атанын көздөгөн мүдөөсү. “Уул-кыздарым ата тарбиясы менен эне мээримин алган адам болуп чыкса экен” деген аруу тилек, асыл максат менен жашап, эл алдындагы аталык парзын аткарууга жан үрөйт. Ошол үчүн аталар үй-бүлөсүнө кам көрүп, балдарын ыймандуу кылып тарбиялоого, татыктуу билим берүүгө жана мекенчил атуул кылып чыгарууга бүткүл күчүн жумшайт.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Дагы бир жолу бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм!
Ар бир үйдүн аскар тоосу кулабасын, боорундагы булагы соолубасын, жанып турган шам чырагы өчпөсүн!
Аталарды ардактап сыйлайлы, кадырман карылыкка жетишине кам көрөлү!
Аталардын кадыр-баркы бийик болсун!
Үй-бүлөнүн жүрөгү, Мекендин тиреги болуп, аталар кылым жашасын!”.