Садыр Жапаров Түркия элчисин дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Ахмет Садык Доганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн парламенттери менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп, Түркия менен түзүлгөн жылуу боордош мамилелерди жогору баалады.

Президент ошондой эле өткөн жылы президент Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын оң натыйжаларын эске салды.

“Кыргыз Республикасы үчүн Түркия эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири. Учурдагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимдүү жана ачык стратегиялык диалог күн тартипте турган ар түрдүү маселелерди чечүүгө жардам берип келүүдө”, – деди мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган мамлекет башчысына өлкөдө болгон мезгилдеги колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле Түркия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кечээки келишимдер боюнча расмий билдирүү жасаганын белгилеп, регион үчүн бул маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоосун айтты.

Связанный пост