Бишкек шаарында жылуулук берүү 17-мартта токтотулат

 Бишкек шаарында жылуулук берүү 17-мартта токтотулат

Бишкек шаарында аба ырайынын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 17-мартта аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим күз-кыш мезгилине карата ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы кол койгон.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында Бишкек шаарынын «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБ жана Бишкек жылуулукэнерго филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында кеңири иштер жүргүзүлдү. Агулак көмүр кени муниципалитеттин балансына өткөрүлүп, ЖЭБдин от казаны жана турбиналык жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, жылытуу мезгилинде бардык жылуулук менен камсыздоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүн болду. Бишкек ЖЭБинин электр кубаттуулугу 450 МВт, ошондой эле 100 МВтка жакын энергия запасы болгон.

Мындан тышкары ААРдин алкагында 30 откана «Бишкекжылуулукэнерго» МБнын балансына өткөрүлүп, анда кыска мөөнөттө реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулугу 15,5 МВт жакын казан жабдуулары ишке киргизилип, күйүүчү майдан 600 миллион сомдон ашык унөмдөлдү. Ошол эле учурда көмүрдүн салыштырма чыгымы 400 граммдан 200 гр чейин саатына 1 кВт кыскарган.

Бүгүнкү күндө ЖЭБ-2нин аймагында жаңы комбинирленген циклдик станцияны куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башталды.

“Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык башкармалыктарына жылуулук мезгилинин аякташына байланыштуу тийиштүү иш-чараларды аткарууга тапшырмалар берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост