Ички иштер министрлиги аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө 30 жаңы унаа тапшырды
Бүгүн, 14-март күнү ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында аймактык бөлүмдөргө жаңы автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Белгиленгендей, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган 30 «Нива» үлгүсүндөгү унаалар аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилди.
Бул 30 автоунаа милициянын аймактык бөлүмдөрү үчүн алынган. Алардан 10 унаасы – Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция бөлүмдөрүнө, 10 унаасы – Ош шаарынын бөлүмдөрүнө жана 10 унаа – Бишкек шаарынын бөлүмдөрүнө берилди.
“Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда”,-деп айтылат маалыматта.