Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алды

 Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алды

Түркия кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну канааттануу менен кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарларды.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кол коюлган чек ара сызыгын аныктоо боюнча келишимди Түркия республикасы канааттануу менен кабыл алды.

“Эки өлкөнүн жогорку деңгээлде жүргүзгөн тыгыз диалогунун натыйжасында жетишилген бул келишимдин аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана кызматташтыкка өз салымын кошот деп үмүттөнөбүз”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост