Аскат Алагөзов: Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди

 Аскат Алагөзов: Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди

Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Заробиддин Косими менен өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.

“Эки өлкө ынак коңшулук мамилесин арттырууда, эки элди жакындатууда, ынтымагын жандандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маданий байланыштардын мааниси зор экенин аңдап-түшүнүү менен, бул багытта жакшы тилектерди, жаңы идеяларды ишке ашырсак деген ой-пикирлерибиз менен бөлүштүк.

Бул багытта иш-аракеттерибизди ыкчамдатуу, анын ичинде өз ара пресс-турларды уюштуруу маселелери боюнча орток пикирге келдик”,-деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост