Өлкөдө 247 бала 118 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

 Өлкөдө 247 бала 118 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда

2025-жылдын 1-мартына карата 247 ата-энесинин көзөмөлдүгүсүз калган бала 118 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, былтыр 1-мартта 210 ата-энелеринин көзөмөлдүгүсүз калган бала 110 багуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланган. Натыйжада балдардын саны 15 пайызга көбөйгөн.

“Учурда окуу үчүн багып алуучу ата-эне болууга 43 талапкер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост