Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызамык диагнозу менен 133 бейтап жатат

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, кызамык жана башка жугуштуу оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты.
Бүгүнкү күндө ооруканада кызамык диагнозу менен 133 бейтап жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Буга чейин кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9 адистештирилген бөлүм ачылган. Бирок ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу азыр үч бөлүм курч ичеги инфекциясы, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана вирустук гепатит менен ооругандарды кабыл алып, мурдагы иштөө режимине өткөрүлдү. Учурда кызамык оорусун дарылоо боюнча 6 бөлүм иштеп жатат.
Министр дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашып, оорукананын керектүү дары-дармектер менен камсыз болушу жана бейтаптарды дарылоо үчүн шарттар менен таанышты. Ал кызамык оорусуна каршы өз убагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эмдөө бул илдеттен жана анын татаалдашынан сактануунун эң эффективдүү жолу экенин баса белгиледи.