2024-жылы Улуттук банктын кирешеси 45,7 млрд сомго жетти

2024-жыл Улуттук банк үчүн финансылык жыйынтыктар боюнча рекорддук жыл болду: киреше 45 млрд 697 млн сомду түздү. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, мындай ийгиликти камсыздаган негизги факторлордун бири эл аралык резервдерди туура башкаруу болду. Мындай тең салмактуу мамиле дүйнөлүк экономикалык туруксуздуктун фонунда да туруктуу киреше алууга мүмкүндүк берди.
“Улуттук банктын 2024-жылдагы финансылык жыйынтыктарынын рекорду анын активдерди башкаруу саясатынын натыйжалуулугун жана тышкы да, ички да экономикалык шарттардын өзгөрүүсүнө өз убагында жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.
Киреше алуу банктын ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары болуп эсептелбей турганын белгилей кетүү керек. 2024-жылы алынган бардык каражаттар улуттук экономиканын туруктуулук бекемдөөгө жумшалат.
Улуттук банктын башкы милдети баалардын туруктуулугун сактоо болуп саналат. Муну менен катар регулятор улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо жана өлкөнүн финансылык жана төлөм системасын бекемдөөнүн үстүндө иштөөнү улантат”, – деди ал.
Ал ошондой эле Улуттук банк 2024-жылы инфляцияны 5-7%дын тегерегинде кармап турууга (жыл аягында инфляциянын деңгээли 6,3%), ошондой эле сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жетишкенин белгиледи.
“Эгер жыл башында АКШ долларынын расмий курсу 89,08 сом болсо, жылдын аягында 87 сомго чейин төмөндөдү. Бул кадамдар каржы системасына болгон ишенимдин артышына өбөлгө түзүү менен өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугун камсыз кылды”, – деп кошумчалады ал.