Улуттук банк 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Улуттук банк 2024-жылы эл аралык резервдер, активдер жана кирешелер боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти, – деди төрага Мелис Тургунбаев Бишкекте өткөн брифингде.
Анын маалыматына караганда, рекорддук көрсөткүчтөр төмөнкүдөй көрсөткүчкө жетти:
- эл аралык резерви 5,1 млрд доллар (2023-жылы – 3,2 млрд доллар);
- активдери 550,1 млрд сомго (2023-жылы бул көрсөткүч — 446,1 млрд сомду түзгөн);
- кирешеси 45,7 млрд сомду (2023-жылы — 12,4 млрд сом) түздү.